Социалдык тармактын колдонуучулары АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын Республикалык партиянын улуттук жыйынындагы көз карашын катуу талкууга алышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Съезд кечээ, 28-августта өткөн. Анда АКШнын президенти Дональд Трамп келе жаткан шайлоодо президенттикке талапкер болуп бекитилген.
Ак Үй алдына өлкө башчынын 38 жаштагы кызы Иванка да чыккан.
Видеодо Мелания Иванканы жадырап-жайнап тосуп алып, ары баскандан кийин өңү бузула түшкөн.
Анда колдонуучулар "Иванканы көзү менен жеп койду", "Мелания жек көрбөгөн киши барбы?" деген пикирлерди жазышкан.