Пицца инфаркт оорусуна эң жакшы даба экенин билчү белеңиз? Көпчүлүк сүйүп жеген пицца тууралуу кызыктуу фактылар

Пицца. Бул сөздү укканда эле көзүңүзгө даамдуу, сыры чубалган, жаңы эле даярдалган ысык пицца тартылып, шилекейиңиз куюла түштүбү? Дал ушул пиццаны жеп жатканда, эмне жөнүндө ойлоносуз? Балким, ушундай даамды ойлоп тапкан италиялыктарга алкыш дейсизби же пицца тууралуу кандай кызыктар бар болду экен дейсизби? Анда пицца тууралуу кызыктуу фактыларга көз чаптырыңыз.

• АКШда дээрлик 23 жылдан бери октябрь айы "пиццанын айы" катары белгиленип келет. Пиццанын мекени Италия болгону менен АКШ пиццаны сүйүп жеген өлкө. Мындан улам октябрь айы пиццанын айы аталып, бул айда пицца жасаган кафе-ресторандар жарандарга пиццаны бекер берсе, айрымдары атайын арзандатуулар менен сатышат. Пиццага арналган ар кандай фестивалдар өткөрүлүп, жарандар бул даамды башка айларга караганда 3-4 эсе көп жешет. Пицца эң көп желген даталарга футболдук оюндардын финалдык баскычы, 31-октябрь - пицца айынын акыркы күнү жана Хеллоуин майрамы кирет.

• Эң алгачкы пиццерия 1738-жылы Италиянын Неапол шаарында «Антика» деген аталыш менен ачылган.

• Статистикага караганда, АКШда ар бир секунд сайын 350 кесим пицца желет. Ошол эле статистикада көрүнгөндөй, эт азыктары кошулбаган пиццага эркектерге караганда аялдар көп басым жасашат.



• Пиццанын эң популярдуу ингредиенти катары папперони эсептелинет.

• Дүйнөдөгү эң чоң пицца 1990-жылы 8-декабрда Түштүк Африкада жасалган. Анын диаметри 34.4 метрди түзүп, салмагы 12 килограммга жеткен.

• Алгачкы эң узун пицца 2003-жылы Израилде жасалган. Анын узундугу 100 метрге жеткен. Ал эми экинчи рекорддук узун пицца 2005-жылы Италиянын Пезаро шаарында жасалган, анын узундугу 240 метрди түзгөн.

• Дүйнөдө эң кымбат пиццаны италиялык ашпозчу Ренато Виола даярдайт. Пицца "Людовик XIII" деп аталып, 8300 евро турат. Анын курамына омар, кызыл лангуст, моцарелла, креветки, икранын 3 түрү жана күлгүн түстөгү туз (Австралиянын Мюррей дарыясынын жээгинен алынат) кирет.

• Пицца инфаркт оорусуна эң жакшы даба. Эгерде аптасына 2 жолу пицца жесе, инфаркттын коркунучу 57 пайызга азаят. Себеби пиццага кошулган помидордун курамында ликопин заты бар. Ликопин заты помидор жогорку температурада ысыганда күчүнө кирет. Ал антиоксиданттык касиетке ээ болуп, инфаркт, атеросклероз ооруларын алдын алуу касиетине ээ.
• Медицинанын тажрыйбасында 18 жаштагы жигитке пицца диета катары көрсөтүлгөн. Анын кан тамырлары аябай эле кеңейип кеткендиктен, аны ичкертүү үчүн холестерин зарыл болгон, холестеринди пицца аркылуу алуу сунушталган.

• Андан сырткары изилдөөдө пицца залалдуу шишик дартынын айрым түрлөрүнүн пайда болуусун алдын алары аныкталган.

• Пиццанын укмуштуудай жытын элге жеткирүү үчүн пиццанын жытындай болгон косметикалык каражаттар чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан