"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 25 миллионго жакындады

Бүгүн, 30-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 24 миллион 914 миң 886 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 16 миллион 341 миң 204 бейтап айыгып чыкса, 841 миң 507 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 948 миң 426 адамдан коронавирус аныкталды. 182 миң 752 адам каза болсо, 2 миллион 140 миң 614 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 846 миң 153 адамдан аныкталды. 120 миң 262 адам каза болсо, 3 миллион 199 миң 206 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 3 миллион 463 миң 972 адам вируска кабылган. 62 миң 550 бейтап көз жумса, 2 миллион 648 миң 998 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан