Америкалык дарыгер-диетолог Джулия Зумпано күчтүү иммунитет үчүн эң керектүү үч витаминди атады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, витаминдердин жетишсиздигинен адам ар кандай ооруларга көбүрөөк чалдыгат. Диетологдун айтымында С, В6 жана Е витаминдери адамдарга эң маанилүү. С витаминине бай азыктар: апельсин, грейпфрут, мандарин, кулпунай, калемпир, шпинат, капуста жана брокколини жегенге кеңеш берет.
В6 витамини тоок этинде, балыкта, жашылчаларда жана нокотто бар.
Үчүнчүсү- бул Е витамини. Анын жетишсиздигин жаңгак жана шпинат менен толуктоого болот.
Күчтүү иммунитет ар кандай стресстен жана түрдүү жугуштуу вирустук оорулардан коргойт.