Кытайда 23 жаштагы жаран ден соолугу начарлагандыктан дарыгерге кайрылган. Анын мээсинде узундугу 13 сантиметр болгон тирүү курт бар экендигин аныкталган. Паразит 17 жыл анын башында жашагандан кийин операция жолу менен алынган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Жаран 6 жашынан буту-колу кыймылсыз болуп калганын айтып, акыркы күндөрү денесинин оң жак бөлүгүнүн сезгичтигин жоготкондо гана медициналык жардамга кайрылган. Ал өзүнүн ыңгайсыздыгын генетикалык оору деп, эч качан дарыгерге кайрылган эмес. Ата-энеси да буга кош көңүл мамиле жасап келген.
Дарыгерлердин айтымында, курттун организмге киришин экзотикалык чийки этти - мисалы, бака же жыланды
жегенден улам болгон деп божомолдошууда.
Буга чейин дарыгерлер он жылдан бери мите курт оорусунан улам башы ооруп келген америкалыктын мээсинен
чоң тасма куртун алып салышкан. Курт начар бышырылган чочконун этин жегенден жуккан деген тыянакка келишкен.