Берлин менен Лондондо карантиндик чектөөлөргө каршы нааразычылык акциялары өттү

Берлин менен Лондондо өкмөттүн коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында киргизген карантиндик чектөөлөрүнө каршы акцияга миңдеген демонстранттар катышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Митингчилердин өкмөткө койгон негизги талабы - коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген бардык чектөөлөрдү алып салуу.

Ал эми нааразычылык акциясын уюштуруучуларынын айтымында, карантиндик чектөөлөр өлкөнүн экономикасына зыян келтирип, жарандардын эркиндигин чектейт.

Лондондо миңдеген адамдар карантинге жана эмдөөлөргө каршы чыгышты. Бул Улуу Британиядагы COVID-19 оорусунан улам медициналык бет каптарга жана чектөөлөргө каршы эң ири митинг.

Ошондой эле Немис бийлигинин коронавирус пандемиясына байланыштуу саясатына каршы жарандардын массалык нааразычылыгы Германиянын борбору Берлинде болуп өттү.

29-августта Берлинде өткөн жүрүшкө 38 миңден ашык адам катышкан. Бул Германиянын борборундагы акыркы 15 жылдагы эң ири акциялардын бири болуп калды. Нааразычылык акциялары учурунда 300гө жакын жарандары кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
urmat94
2020-08-31 09:11:14
Биз да чыгат окшойбуз туну 12 ден кийин жаптырып койтат го как будто туну жуга тургансып нары эмес же бери эмес кылып коюшту тормоздор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан