Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачык деп жарыяланды.
Сессияны ачык деп Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жарыялады. Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, коронавирус илдетинен каза болгондор эскерилди. "Илдеттен каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бүгүн, эртең комитет жыйындары өтүп, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтөт", - деди Жумабеков.