Депутат Тынчтыкбек Шайназаров Назарали Ариповдун ордуна БШКнын мүчөлүгүнө сунушталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Шайназаров билдирди.
Депутаттын айтымында, анын талапкерлиги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралат. Андан соң 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Шайназаров "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты.
Назарали Арипов парламенттик шайлоого "Республика" партиясы менен аттануу чечимин кабыл алган. Мындан улам анын ыйгарым укуктары токтотулду.