"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 26 миллионго жакындады

Бүгүн, 2-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 25 миллион 650 миң 801 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 16 миллион 980 миң 408 бейтап айыгып чыкса, 854 миң 596 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 72 миң 871 адамдан коронавирус аныкталды. 184 миң 629 адам каза болсо, 2 миллион 202 миң 663 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 950 миң 931 адамдан аныкталды. 122 миң 596 адам каза болсо, 3 миллион 333 миң 395 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 3 миллион 691 миң 166 адам вируска кабылган. 65 миң 288 бейтап көз жумса, 2 миллион 839 миң 882 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан