11-апрелге карата коменданттык саат учурунда 85 жаран кармалды

11-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ноокат, Кара-Суу райондору, Ош шаарынын, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат учурунда ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 85 жаран жеткирилип, 10 унаа атайын жайларга токтотулду.

Бишкек шаары - 57;

Ош шаары - 7;

Жалал-Абад шаары - 14;

Сузак району - 4;

Кара Суу району - 3;

Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2 миң 327 жаран коменданттык саатты бузгандыгы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан