Польшадан келген медицина кызматкерлери Бишкекте 4 күн иштешти, бүгүн алар өлкөнүн түштүк аймагына кетишет

Польшадан келген медициналык кызматкерлер Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникасындагы жумушун жыйынтыкташты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдалды.

Ага ылайык, польшалык дарыгерлер аталган ооруканада 4 күн иштешип, анда жаткан бейтаптарды дарылоо процесстерине да катышышкан.

"Жыйынтыктоочу жыйынга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова катышкан. Жыйында польшалык дарыгерлер менен пикир алмашуу, тажрыйба бөлүшүү, алдыдагы пландар талкууланды. Бүгүн, 24-апрелде чет элдик адистер Жалал-Абад жана Ош шаарларына кетишет", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан