Депутат Бакиров коомдук талкуудан алып салынган экс-спикер, экс-премьер-министрлер тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө түшүндүрмө берди

Буга чейин социалдык тармактарда депутат Мирлан Бакиров экс-спикер, экс-премьер-министрлерге артыктыкчылык берүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген деген маалыматтар тараган болчу. Бул боюнча Мирлан Бакировго кайрылганыбызда, экс-спикер, экс-премьер-министрлер тууралуу мыйзам долбоору башка максатта даярдалып, бирок кийин бурмалоо аракети болгонун айтты.

"Убагында мурдагы өкмөттүн башчысы, экс-спикер Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов андан башкалар жыйын болгондо "Жогорку Кеңешке же өкмөткө кирели десек уруксат кагазын алышыбыз керек. Ыңгайсыздык жаралып жатат" деп айтышкан. Экс-спикер, экс-премьер-министр деген макамды бир күбөлүк менен аныктап койсок деген сунуш болгон. Алар ошол күбөлүктү көрсөтүп Жогорку Кеңешке же өкмөт үйүнө тоскоолдуксуз кирип чыга алышат эле. Ал кишилер Жогорку Кеңешке келишип, баалуу кеңештерин берип жүрүшөт. Мыйзам долбоорунда башка эч кандай социалдык, эмгек акы деген маселе жазылган эмес. 2019-жылдын башында мыйзам долбоору коомдук талкууга чыккан. Тилекке каршы ошол мезгилде долбоорду башка багытка бурмалоо аракети болгон. Мындай ой-пикирден кийин мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтынан алып салынган. Учурда бул мыйзам долбоорун козгоого негиз дагы жок. Эч нерсе таппай, эски маалыматты чыгарып жатышат", - дейт Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан