Жогорку Кеңештин төрагасы "коронавирустун жаңы түрү балдарга жугуштуу болот" деген кептер боюнча өкмөт расмий маалымат бериши керектигин айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков "коронавирустун жаңы түрү балдарга жугуштуу болот" деген кептер боюнча өкмөт расмий маалымат бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.

"Маалымат каражаттарында коронавирустун башка түрү чыгып, балдарга жугуштуу болот деген кептер чыгып жатат. Балдарга орундар даярдалып жатат деген маалыматтар жазылууда. Ошол боюнча өкмөт элге так маалымат берсеңер. Коронавирустун жаңы түрү балдарга жугуштуу болот деген сөз боюнча өкмөт жыйын өткөрүп же маалымат каражаттары аркылуу расмий маалымат бериши керек. Ошондой сөздөр чын болсо кандай даярдыктар көрүлүп жатканы боюнча маалымат бергиле", - деди төрага.

Ал бүгүнкү күндө өзгөчө кырдаал режим бүтө электигин эскертти. "Жалпы эрежелерди сактоо менен илдетти жеңе алабыз. Азыр бир аз басаңдады. Жакшы жакка жылыш болуп жатканын көрүп жатабыз", - деди Жумабеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2020-09-03 11:28:10
Оозунарга таш! Кудай сактасын!
+1
Agayu
2020-09-03 13:22:13
Кезек жаш балдарга келиптир да !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан