Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. 3-июнга карата кабарлардын ток этери менен таанышкыңыз келсе...

3-июнга карата өлкөдө коронавирустан дагы 3 бейтап каза болду. Алардын бири дарыгер, экинчиси оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу, үчүнчүсү 84 жаштагы карыя.

Акыркы сутка ичинде дагы 26 адамдан коронавирус аныкталып, эң көбү Бишкек жана Нарында катталды.

Бул күнгө карата коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылгандардын саны 46ны түздү.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылганын кабарлады.

Нарын облусунда иштеген медициналык кызматкерлердин бири илдетти жуктуруп алганы тастыкталды.

Өлкөдө 5-июндан тарта ички аба каттамдар жана аймактар аралык коомдук транспорт каттап баштайт.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан