"Коронавирус инфекциясы жүрөк-кан тамыр ооруларын өрчүтөт жана аны дарылоо көпкө созулат. Мындан улам жүрөк оорулары бар бейтаптар бир катар тийиштүү чараларды сактоосу зарыл", - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы кардиологу Акпай Сарыбаев.
COVID-19 менен ооруп, айыккан жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
* Ооруканадан чыккандан кийин бейтаптар 14 күнгө чейин изоляцияда болушат;
* Изоляция учурунда кайра калыбына келүү программасын аткаруусу сунушталат жана изоляция маалы бүткөндөн кийин атайын реабилитациялоо борборлоруна барууга мүмкүн;
* Үй шартында толук жана туура тамактануу зарыл. Жашылча-жемиштердин өлчөмү (400 граммдан кем эмес), тамактын тузу аз (5 граммдан ашпаган), суюктукту чектөө зарыл, бир күндө 1-1,5 литр ичүүгө болот, эгерде дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин көбөйтүүгө болот;
* Сөзсүз түрдө дем алуу көнүгүүсүн жасоо. Бул багытта программаларды республикалык ден соолукту чыңдоо борборлорунун сайттарынан табууга мүмкүн;
* Ооруканадан чыгып баратканда физикалык активдүүлүк менен канчалык деңгээлде машыгууга мүмкүн экенин билип алуу зарыл. Эгерде дене табы 37,5 - 38ге көтөрүлсө, жүрөктүн согушу 100дөн ашса, дем алуусу бир мүнөттө 30дан ашса жана сатурациясы 93 пайыздан жогору болсо физикалык активдүүлүк сунушталбайт.
* Дарыгер тарабынан жазылып берилген дарыларды ичүү маанилүү, бирок кан басымы түшүп же башка дагы өзгөрүүлөр болсо дарыгерге кайрылуу керек.