Өзбекстандын Ташкент облусунда коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн курулган оорукана колдонууга берилди. Бул оорукана 10 миң бейтапка ылайыкташкан.
Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда чет өлкөдөн келген 650 жаран ооруканага карантинге жаткырылды.
Карантинге алуу жана вируска кабылгандарды дарылоо максатында Өзбекстандын бир катар облустарында кыска убакыт аралыгында ооруканаларды куруу иштери башталган. Ал эми Ташкент облусундагы Юкоричирчикс районуна 10 миң орундуу оорукананы куруу үчүн 55 гектар жер аянты бөлүнгөн.
Учурда Өзбекстанда 133 адам коронавирус менен жабыркап, 2 адам каза болду. Айыккандар 7 киши болуп калды.