"Кыргызстанда акыркы төңкөрүштөргө президенттик бийлик себеп болгон. Ошондуктан келе жаткан парламенттик шайлоодо "Республика" партиясы президенттик институтун жоюу талабын койду". Мындай пикирин бүгүн, 4-сентябрда “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев "Алдыга жол" программасын сунуштаган учурда айтты.
"Президенттик бийлик 30 жылдын ичинде экономикалык, саясий кризиске күнөө болуп келди. Бул учурда ууру-кландар түзүлгөндүктөн, "Республика" партиясы бул институтту жокко чыгарууну талап кылууда", - деди Жээнчороев. Ошондой эле ал, анын ордуна "Республика" партиясы парламенттин сапатын жогорулатып, жоопкерчиликтүү өкмөттү түзүүнү сунуштайт.

"Республика" партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5 пайызга чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6 пайызга чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. "Республика" бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.
"Республика" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А. Дареги: А. Токомбаева көчөсү 27/2. Нускасы 1 даана.