Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Франция БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги кызматташтыкты талкуулашты

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстан менен Франциянын тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнүн ортосунда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартибиндеги маселелер боюнча консультациялар өттү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда Коопсуздук Кеңешинин ишмердүүлүгүнүн негизги аспектилери жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнө даярдыгынын алкагында пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында тараптар БУУнун алкагында конструктивдүү жана мазмундуу кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан