Фотоальбом. Тамашалары менен күлкүгө бөлөгөн Актан Рыскелдиевдин балалыгы, бойдок кези, ата болгондогу сүрөттөрү

"Тамашоучу", тамада, "Эл эмне дейт?" долбоорунун сценаристи, вайнер Актан Рыскелдиев бүгүн, 2-июнда туулган күнүн белгилеп жатат. 32 жашка толгон Актан Рыскелдиев туулган күнүн үй-бүлөсү менен өткөрө турганын айтат.

"Жубайым, балдарым Чолпон-Атада эс алып жүрүшкөн. Туулган күнүмдү үй-бүлөм менен белгилейин деп Чолпон-Атага бардым. Балдарымды көрүп кубанып жатам", - дейт ал.

Актан Рыскелдиев 1989-жылы 2-июнда Нарын шаарында төрөлгөн. 2002-жылы Нарындан Бишкекке ата-энеси менен көчүп келген.

Искусство институтунда режиссёрдук адистик боюнча билим алган. Андан кийин "Тамашоуго" "Позитифф" командасы менен чыккан. Андан кийин "Эл эмне дейт?" долбоорунда ар кандай образдарды жараткан.

2014-жылдын сентябрь айында 6 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөн кызына үйлөнүп, учурда жубайы Феруза экөө Жантай, Анатай, Эртай аттуу уулдарды тарбиялап келишет.

Актан Рыскелдиев учурда "Кошунаны тандабайт" сериалынын 3-сезонунда роль жаратууда.

2-июнга карата жылнаама.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан