SUPER. KG порталынын "Фотоальбом" рубрикасынын бул жолку коногу бокс чебери Өмүрбек Малабеков. Боксчунун балалык чагынан тартып, спорт чөйрөсүндөгү жана азыркы учурга чейинки сүрөттөрү менен таанышабыз.
Өмүрбек Малабеков 1991-жылы Талас облусунда туулган. Спортчунун үй-бүлөсүнөн чыккан мушкер 10 жашынан баштап бокс менен машыгат. Эң биринчи жолу 2002-жылы Казакстандын Жамбыл шаарында өткөн турнирге катышып, 1-орунду алган. Профессионалдык карьерасында ал 300дөн ашуун беттеш өткөргөн. Кыргыз Республикасынын сегиз жолку чемпиону, Дүйшөнкул Шопоков мемориалынын жети жолку жеңүүчүсү, Ахмат Кадыровду эскерүү турниринин финалисти, 4 жолу Азия чемпиондугуна катышкан.

Өмүрбек Малабеков 4 жашта

Боксчу 11 жашында ийгилик жараткан

Малабековдун окуучулук күндөрүнөн

Боксчу ата-энеси жана карьерасына колдоо көрсөтүп келген агасы Замирбек Малабеков менен

Өмүрбек Малабеков Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Марат Сакеев менен 2002-жылдан баштап иштешип келет.
Мушкердин беттеш учурундагы ийгиликтери

21 жаш туулган күндү достору менен белгилегендеги көз ирмемдер
Ийгиликтерге шериктеш болгон жамаат

2017-жылы келинчеги Айжана менен баш кошкон

Боксчу жубайы жана тун кызы менен. Жаш жубайлар учурда Алинура жана Аделина аттуу эки кыздын ата-энеси

Өмүрбек Малабеков акыркы жолу 2019-жылы жай мезгилинде Дагестанда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болуп, эң мыкты мушкер аталган.