"Шаардык кыз Аида... " деп обон созгон ырчы, "Жылаңач баатыр" долбоорунун жеңүүчүсү Марс 32 жашка толду. Туулган күнүн башкача белгилегенин айткан ырчы балдар үйүнө жардам көрсөтүп келди.
"Туулган күндү кафеден же дагы бир көңүл ачуучу жайдан өткөрө турган акчаны туура пайдаланайын деп балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жардам берип келдик. Менин катарыма жакын досторум кошулду. Биз Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан 86 балага оюнчуктарды, таттууларды жеткирдик", - дейт ал.
Марс мырзанын эл алдына чыкканына аз болсо да, анын балалык кези, стили жөнүндө сүрөттөр баяндап берсин.
Марс мырзаны атасы "каратист болосуң" деп спортко кызыктырганы менен ал комуз, гитара, аккордеон ойноого кызыгып, ыр жазган.
Марсты орусиялык ырчы Григорий Лепсти туурайт дешет. Бул тууралуу ал маегинде "Тоголок көз айнек тагынып, кырылдап ырдаганым үчүнбү, ошентип айтышат. Менде ал кишиге окшошом деген ой болгон эмес. Бирок окшоштурса, сүйүнөм. Кичинемде Жеймс Браун, Боб Марлинин ырларын жакшы көрүп укчумун. Ошол ырчылардын таасири менен чыгармачылыгымда регги стилин тандап алдым", - деген.
Ал эми анын кийинүү стили дагы талкуудан четте калган эмес. "Пижама кийип аласың" дешет. Бул пижама эмес. Атайын ушундай образды тандап алганбыз. Башында мындай кийингенден өзүм да уялдым. Эл корей ырчысы PSY`га, Индиянын полиция кызматкерлерине окшоштурушту. Азыр көнүп калдым, көчөдө деле ушундай кийинип жүрө берем", - деген маектеринин биринде.
Ырчы мырза 1988-жылы 10-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча инженер-механик. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси. Учурда бойдок.
Анын репертуарында "Аида", "Кайгырба", "Жаш кездин күндөрү", "Заман" жана башка ырлары бар.