Өлкөнүн бюджетиндеги каражат өндүрүшкө, жумуш орундарын түзүүгө, элди жумуш орду менен камсыз кылууга жумшалууда. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
"Биз азыр жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу, окуусун бүтүп, жумуш издеп жүргөн жаштарыбызга жумуш орундарын түзүү боюнча саясатты үч жылдан бери жүргүзүп жатабыз. Буюрса, бул өзүнүн жемишин берет. Мен муну азыр аймактарды кыдырып, көрүп жатам. Кайра иштетүү өнөр жайына, андан тышкары туризм, тоо-кен, кызмат көрсөтүү тармагына кетип жаткан каражаттар кайра өзүнүн натыйжасын берип жатканын көрүп, мен дагы кубанып жатам", - деп билдирди өлкө башчы.
Ошондой эле президент сүттү кайра иштетүү тармагынын тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук берүү дарамети бар экенин билдирип, буларга токтолду:
"Мен премьер-министр болуп иштедим, өмүр бою чарбада иштеп, облустун губернатору болуп иштеп, баарын көрдүм. Эмне үчүн биздин кайра иштетүү өнөр жайыбыз алдыга жылган эмес? Себеби ал жакка көңүл бурулбай, каражат дагы жетиштүү бөлүнгөн эмес. Биз бир эле айыл чарбасы эле эмес, жалпы эле кайра иштетүү тармагына, жумуш орундарын түзгөндөргө, продукцияны сыртка алып чыккандарга каражатты бурдук. Сыртка миграция абдан көбөйгөн. Эмне үчүн дегенде өндүрүлгөн азык-түлүк сатып алынбай калган. Мамлекет сатып ала албайт. Мына жеңилдик бердик, узак мөөнөттүү, төмөн пайыздагы насыяларды аларга жеткизип, каражатты ишкерлерге бурдук. Айрыкча айыл жерлеринде жакшы долбоорлору, жакшы ойлору бар көп ишкерлер бар. Бирок аларды көтөрүп алып, банкка барса, ал жерде эки жылдык, үч жылдык, анан болгондо да 20 пайыздан жогору насыялар бар. Аны алайын десе күрөөсү жок. Насыя ала албайт, иштерин баштай албайт. Мамлекет тарабынан кепилдик фонду түзүлүп, уставдык фонду да көбөйтүлдү. Эл аралык деңгээлге жооп бере турган лабораторияларды куруп, анан уруксат алып туруп, мына эми азыр биздин сүт азыктарыбыз сыртка чыга баштады. Азыр Кытайга 13 ишкана кургак сүт жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алдыда сүт боюнча маселе болбойт. Эмне үчүн дегенде, биздин сүт азыктар тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук бере алат. Биздики эң таза өндүрүлгөн сүт, майлуу сүт. Кечээ жакында Нарынга барып, кубанып келдим", - деп билдирди.