Биринчи вице-премьер: "Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы, Чаткал райондорунда карантин киргизилет"

Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы, Чаткал райондорунда карантин киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйында билдирди.

"Өзгөчө абал киргизердин алдында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Эми өзгөчө кырдаал режиминде иш жүрөт. Коронавируска каршы күрөшүү иши уланат. Жалпысынан 28 миңден ашык жарандар үй карантинде отурушат. Ооругандар ооруканада жатат.

Коркунучтуу аймактарда карантиндер киргизилип жатат. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы, Чаткал райондорунда карантин киргизилет. Башка аймактарда дагы өзгөчө кырдаалдын тартиби менен иш алып барабыз.

Карантин киргизилген аймактарда атайын посттор коюлат. Андан өтүү эрежелери болот. Штабдын чечими менен сырттан келип иштегендер болсо иштеген жеринен маалымкат алып, салык инспекциянын өкүлдөрүнөн маалымкатты тастыктоо керек. Ошондо посттордон тоскоолдугу жок өтөсүздөр",
- дейт Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2020-05-10 18:30:31
Салык инспексия неге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан