Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат. Шайлоого карата жалпы 15 партия каттоодон өтүп, "Бүтүн Кыргызстан" жана "Актив" партияларынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы доо арызы сотто каралууда. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү бүтөрүнө аз калганда шайлоого даярдык көрүү үчүн бир канча депутаттар мандатын тапшырышкан.
Мандат тапшыруу май айында башталды. Алгач эле "Кыргызстан" фракциясынан Алмазбек Эргешов жана Жаныбек Исаев мандаттарын тапшырышкан. Алар буга шайлоого карата даярдык көрүү себеп болгонун билдиришкен. Булардын мандат тапшырышканы коомчулукта сын-пикирди жараткан. Партиянын кийинки тизмесиндеги Шаршенбек Абдыкеримов депутат болуп келем дегени үчүн булар мандаттарын тапшырышканы айтылган. Бирок аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков бул маалыматты төгүндөгөн. Ошентип алардын ордуна Жаныбек Жоробаев жана Шаршенбек Абдыкеримов депутат болуп келишкен.
Андан бир ай өтпөй эле ошол эле фракциядан, ошол эле себеп менен депутат Руслан Чойбеков дагы мандатын тапшырат. Бир күндөн соң эле фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков дагы шайлоого даярдык көрүү үчүн мандатын тапшыра турганын айткан. Бирок ал шайлоого даярдык көрбөй эле биринчи-вице-премьер-министрликке дайындалган. Эки депутаттын ордуна Замирбек Эсенаманов жана Бейшенаалы Нурдинов келет.
Шайлоого депутаттык макамы жок аттанууну чечкен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов август айынын соңунда мандатын тапшырат. Ал башка партия менен шайлоого кетип жаткандыктан, мандатын тапшырууну чечкен. Анын мандаты Нурдин Сырдыбаевге берилет.
"Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Алтынбек Жунус уулу, Данияр Төлөнов, Таалайбек Масабиров, Кубанычбек Нурматов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Абылкайыр Узакбаев дагы шайлоого жакындаганда мандаттарын тапшырышты. Алардын ордуна Осмон Турдумамбетов, Мээримбек Койчуманов, Байгазы Кенжебаев, Улугбек Садиков жана Уланбек Исмаилов келди.
Сталбек Молдалиев (ред. маркум Чыныбай Турсунбековдун ордуна келген), Нурлан Сырдыбаев, Осмон Турдумамбетов, Мээримбек Койчуманов, Уланбек Исмаилов, Улугбек Садиков жана Байгазы Кенжебаев 3-сентябрда Жогорку Кеңеште ант беришкен. Ошол эле күнү Жогорку Кеңеш шайлоого чейин тыныгууга кетүү чечимин кабыл алышкан. Ошондо жаңы келген депутаттар бир гана жыйынга катышып калышты.