Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 7-сентябрда Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында (Кубакы ашуусу) катталган.
"Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1995-жылы туулган жаран каза болгон. ӨКМнын №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.