Фучик атындагы сейил бак Бишкек мэриясына кайтарылды

Шаардык соттун чечими менен Ю.Фучик атындагы сейил бак толугу менен шаар тургундарына кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1992-жылы шаардык мамлекеттик администрациянын токтому менен Ю.Фучик атындагы сейил бакта жайгашкан 7,41 гектер аянттагы жер тилкеси шаардык сейил бактар жана эс алуу жайлары бирикмесине бекитилип, колдонуу укугу үчүн акт берилген.

1995-жылы өкмөттүн токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүп берилген.

Тилекке каршы сейил бактагы 13 миң 337 чарчы метр жер - курулуп бүтпөй калган кинотеатрдын аймагы менчикке өткөрүлгөн факты аныкталган.

"Мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Ленин райондук сотуна заводду жоюучу М.П. жана шаар тургуну С.Э. арасындагы сатып алуу-сатуу келишимин жокко чыгаруу боюнча доо арызы калтырылган. Сот биздин арызды толугу менен канааттандырды", - деп жазылат маалыматта.

Кийин, 1999-жылы шаар тургуну С.Э. жер тилкесин А.А. аттуу тургунга саткан, ал соттун кароосуна чейин эле жер тилкесин 9 бөлүккө бөлүп, сатып жиберген. Муниципалдык мүлк башкармалыгы сотко бул келишимдерди жараксыз деп таап, сейил бакты муниципалдык менчикке кайтарып берүү доо арызын калтырган.

Бул доо арыз райондук сот тарабынан канааттандырылды, бирок айыпталуучулар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз беришкен.

"Бактыга жараша, шаардык сот биринчи инстанциядагы чечимди күчүндө калтырды. Эми соттун аныктамасын алгандан кийин жер тилкелерди Бишкек шаарынын мэриясына каттоо иштери башталат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан