Алматыда өлүккананын кароолчусу өлүктөрдү зордуктаганга шектелип кармалды

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында өлүккананын кароолчусу өлүктөргө кордук көрсөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Жергиликтүү журналист Михаил Козачковдун айтымында, ал телефонун күрөөгө коюу үчүн күрөөканага барган. Ал жерде иштеген жаран уюлдук аппарат ага таандык экенине ынануу үчүн галереяны ачууну суранган. Ошондо гана сүрөттөрдү көрүп, полиция чакырылган.

Алматы полиция департаменти ал киши буга чейин кармалып, СИЗОго киргизилгенин билдирди. Бул фактынын негизинде “Маркумдардын сөөгүн жана көмүлгөн жерлерди мазактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан