"Үч жолу катары менен". Жефф Безос кайрадан дүйнөдөгү эң бай адам деп табылды

"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос "Forbes" басылмасынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң бай адам деп табылды. Бул боюнча аталган басылмага таянуу менен дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда.

Анда жазылган маалыматка ылайык, бизнесмен 3-жолу катары менен дүйнөдөгү эң бай адам деп аныкталды. 56 жаштагы ишкер Жефф Безостун байлыгы 179 миллиард доллар деп бааланууда.

Безос 1994-жылы "Amazon" компаниясын негиздеген. Компания товарларын интернет аркылуу сатат. Алар АКШда биринчилерден болуп өзүлөрүнүн сайтында тасмаларды (акчага) көчүрүп алып, интернетти туташтырбастан көрүү мүмкүнчүлүгүн сунушташкан.

Экинчиде "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс. Анын байлыгы 111 миллиард доллар.

Тизмеде 85 миллиард доллар байлыгы менен "Facebook" компаниясынын ээси Марк Цукерберг үчүнчү орунга жайгашкан.

"Forbes" — дүйнөдөгү популярдуу экономикалык басылмалардын бири. 1917-жылы Форбс Берти Чарлз тарабынан негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2020-09-09 10:35:07
Кыргызстандын карызын куткарып койсо деле боло турган акчасы бар экен го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан