ӨКМдин куткаруучуларына өрттү өчүрүү, издөө-куткаруу жана алдын алуу, кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүү үчүн эң зарыл болгон куткаруу шаймандары берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, куткаруу шаймандары Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылды.
"Шаар мэриясы шаар аймагындагы ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда куткаруучулардын эмгегин баалап, атайын каражат бөлүп, шаймандарды алып беришти", - деп айтылат маалыматта.