Шайлоо фондунан партиялар канча каражат коротту? Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын эсебине которулган каражат жана анын канчасы чыгымдалгандыгы тууралуу маалыматты жарыялады. Бул 4-сентябрга карата көрсөткүч.
- "Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма 64 миллион 828 миң 998 сом. Коротулганы - 62 миллион 182 миң 690 сом;
- "Социал демократтар" партиясынын шайлоо фондуна 7 миллион 349 миң 110 сом которулган. Коротулганы - 7 миллион 310 миң 448 сом;
- "Бир Бол" партиясынын эсебинде 32 миллион 470 миң 990 сом деп көрсөтүлсө, коротулганы 29 миллион 283 миң 465 сом;
- "Республика" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 17 миллион 243 миң 500 сом, чыгымдалганы - 14 миллион 440 миң 112 сом;
- "Биримдик" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 97 миллион 399 миң 900 сом болсо, анын ичинен 85 миллион 527 миң 751 сому чыгымдалган
- "Чоң Казат" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине которулган сумма 6 миллион 162 миң 914 сом болсо, чыгымдалганы 6 миллион 38 миң 446 сом;
- "Мекенчил" партиясынын шайлоо боюнча эсебинде 9 миллион 612 миң 724 сом болсо, чыгымы 8 миллион 92 миң 410 сом;
- "Ата Мекен" партиясынын шайлоо фондунда 35 миллион 619 миң 996 сом. Ал эми партия короткон сумма 30 миллион 484 миң 783 сом;
- "Реформа" партиясынын шайлоо эсебине келип түшкөн каражат 6 миллион 361 миң 469 сом, чыгымы - 6 миллион 78 миң 218 сом;
- "Кыргызстан" партиясынын шайлоо эсебиндеги каражат - 68 миллион 474 миң 22 сом, коротулганы - 61 миллион 679 миң 668 сом;
- "Ордо" партиясынын атайын эсебине 5 миллион 925 миң сом которулган. Ал эми коротулган каражат - 5 миллион 921 миң 946 сом;
- "Мекен Ынтымагы" партиясынын шайлоо фондуна которулган акча - 6 миллион 480 миң 700 сом, чыгымы - 6 миллион 94 миң 886 сом;
- "Замандаш" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине 31 миллион 47 миң сом которулган. Партия короткон каражат 27 миллион 304 миң 678 сом;
- "Ыйман нуру" партиясынын шайлоо эсебине 6 миллион 16 миң 350 сом которулса, 5 миллион 927 миң 787 сому коротулган;
- “Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынын" шайлоо боюнча атайын эсебине 7 миллион 624 миң сом которулса, анын ичинен 7 миллион 275 миң 765 сом чыгымдалган.