Бишкек шаардык кеңешине жаңы депутаттар келди. Алар кимдер?

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияга чогулушту. Сессиянын кароосуна бир гана "Бишкек шаарынын шайлоочуларынын, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толтуруу үчүн талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө" маселе коюлган .

Сессия мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткен Лев Васильев менен Эрмек Усубалиевдин ордуна келген эки жаңы депутатка мандат тапшыруу менен башталды.

Кабулжан Юсупов менен Сабиржан Кадыров мандат алышты.
Кадыров Сабиржан Бахтиярович - экс-депутат жана БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыровдун уулу.

1987-жылы туулган. 2016-жылдагы референдумда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча агитатор болуп иштеген.


Юсупов Кабулжан Мусинович 1961-жылы туулган. Ал өмүр бою компьютердик системдер менен алектенип, Ленинградда "Эсептөө машиналары" адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

Ачык маалыматтарга ылайык, ал программалык камсыздоону иштеп чыккан "Интерсофт плюс" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана директору.

Эске сала кетсек, буга чейин КСДП фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Эрмек Сыргакович Усубалиев жана Лев Алексеевич Васильев ыйгарым укуктарын токтотушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан