Бишкек шаарында коомдук тамактануучу жайлардын ишин көзөмөлдөө боюнча чаралар күчөтүлдү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, экинчи жолу мыйзам бузган жактарга кылмыш иши козголот.
11-сентябрдан тартып эпидемиологиялык чыңалган абалга байланыштуу райондук акимчиликтердин башчылары, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук тамактануучу жайлардын, анын ичинде кафе жана ресторандардын ишин контролдоо боюнча иштерди күчөтүшкөн.
"Өзгөчө кырдаал мезгилинде чектөөлөрдү сактабай коюу фактылары менен тартип бузуу фактылары эки жолу аныкталган учурда Бузуулар жөнүндө кодекстин 150 жана 293-беренелери боюнча айып салынып, материалдар Бишкек ШИИББине берилет. Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесинде жана Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде каралган жоруктардын, кылмыштардын фактылары белгилүү болгондо Жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык иш-чаралар өткөрүлөт.
Бир жолу мыйзам бузганы аныкталса, айып пул жана эскертүү берилсе, экинчи жолкусунда айып салуу жана кылмыш иши козголот", - дешти штабдан.
Жогоруда көрсөтүлгөн чаралар өзгөчө буюртма берүү чыгарылганга чейин, башкача айтканда, Бишкек шаарынын аймагында эпидемиологиялык жагдай жакшырганга чейин колдонулат жана менчигинин түрүнө карабастан бардык тараптар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.