Боронов: "Үй карантинин бузгандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат"

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Ага онлайн режиминде өкмөттүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты.

Жыйын учурунда белгиленгендей, өкмөт коронавирустун жайылуусун алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина кызматкерлери, ыкчам кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантышууда. Тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, облустук администрациялардын башчылары коронавирустун тарашына жол бербөө максатында тапшырмаларды аткаруу боюнча жасалган иштер жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти.

Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкөдө карантин жарыяланып, адамдардын шаар, район жана өлкө боюнча жүрүүсүн чектөө үчүн өзгөчө кырдаал киргизилди. Себеби бул адамдардын байланыштарын кыскартууга, демек вирустун жайылышына жол бербөөгө шарт түзөт. Биринчи вице-премьер өзгөчө кырдаал кыймылга чектөө чараларын камтый турганын эскертип, коомчулук көрүлгөн убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылып жатышканын белгиледи.

«Өлкөнүн бардык облустарында санитардык-карантиндик посттор орнотулган. Алар адамдардын кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтөт. Жарандар кырдаалдын олуттуулугун түшүнүү менен кабыл алуулары керек. Инфекциянын жайылуусуна жол бербөө үчүн ар бирибиз белгиленген эрежелерди сактап, сунуштарды карманууга тийишпиз. Өтө зарыл болбосо адамдар үйүнөн чыкпашы кажет», - деди биринчи вице-премьер. Ал коронавирустун алдын алуу чаралары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантууну тапшырып, бул үчүн бардык каражаттарды, анын ичинде уюлдук операторлор аркылуу sms-билдирүү жөнөтүүнү, маалыматтарды жайылтууну, радиорубрикаларды колдонууну, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкка маалымдоо үчүн өлкөнүн телеканалдардын эфирин камтуу мүмкүндүгүн пайдаланууну сунуштады.

Жыйындын катышуучуларына билдиришкендей, түзүлгөн кырдаал эске алынып, учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана социалдык жактан алсыз үй-бүлөлөрдү колдоо маселеси каралууда. Мындан тышкары мекенине кайтып келе турган бардык мекендештерибизден санитардык-көзөмөл жайларынын кызматкерлери текшерүүгө мазок алышат. Жыйында белгиленгендей, үй карантини эрежелерин бузуп, сыртка чыгууну чечкен жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.

Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү рейддерди өткөрүп, өкмөттүн маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка иш-чараларды өткөрүүгө коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимин аткарууну көзөмөлдөп турушат. Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык органдарга бир катар тапшырмалар берилген, анын ичинде жергиликтүү бийлик органдарына коронавирус аныкталган жарандар менен байланышта болушу мүмкүн болгон бардык адамдарды кайрадан текшерүү милдеттендирилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhykyo
2020-03-23 19:41:49
Коп адамдар кочоодо эле журушот тартипти кармансак жакшы болмок чыдап.Мен Кыргыз элиме жардам берип жатам деген ураан менен.Мамлекет дагы эмне дейт деп карабай. Жардамыбыз ушул болсун деп
+7
interpol
2020-03-23 19:54:59
Үй карантин деген болбогон нерседа. Үй карантинге алынган адамдын үй бүлөсү болот аларга жукса алар көчөгө чыкса анан башкага жугат
+5
Bars88
2020-03-23 20:22:18
Карантинди киргизди коп жерди жапты элдер кочодо не издеп журушот.Бир сурот кордум автобуса эл батпай туртушуп аткан уйдо кысып олтуруп турушпайбы
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан