Өлкөнүн тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу сунушталды. Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда Кыргыз-Кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Президент эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, айыл-чарба, транспорт жана жол боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго токтолду.

Мамлекет башчы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, гуманитардык жардам көрсөткөндүгү, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн медициналык эксперттерди жибергендиги үчүн Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Президент электрондук соода жана маалыматтык технологиялар сыяктуу чөйрөлөрдө кызматташуунун жаңы моделдерин ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Бул өз кезегинде өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө түзөт.

"Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен, Кыргыз өлкөсүнүн Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жолугушуу үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле өз ара тилектештикти жана учурдагы түзүлгөн кырдаалда бири-бирин колдоону улантууга даяр экендигин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан