"Жиликтеп салган". Таласта аюуну мамалагы менен кошо өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды

Таласта аюуну мамалагы менен кошо атып, этин жана терисин алып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бакай-Ата районунун 36 жаштагы К.У. аттуу тургуну 12-сентябрда саат 00:30 чамасында Талас ОИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Текшерүүдө анын унаасынан 2 аюунун башы, эти жана ок атуучу куралы табылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Табылган аюулардын териси жана эти далил зат катары алынып, аңчылык кылуу департаментине өткөрүлүп берилген. Кармалган жаран тергөөдө сурак берүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AdylbekB84
2020-09-14 18:49:50
Камагыла түрмөгө, олчойгон штраф салгыла! Ошондо башкаларга сабак болот!
+10
asman.81
2020-09-14 21:13:14
Мыкаачы,жок дегенде мамалагын олтурбой койбойбу.Илгертен эле кайберендерди балалуусун атпагын деген жазылбаган нарк насилибиз болгон.Каргыш деген бар.
+6
Bars88
2020-09-15 11:39:34
Башы барбы озу дагы жоголуп бараткан жаныбарларды аткандарды атууга кетирсе.Ушунча кооз Кыргызстаныбызда жаныбарлар ото эле аз тоо токойдун баары бизде.Эч нерсе оспогон суусу жок африкадагы жаныбарларды коросун го телевизордон жайнап журушот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан