Шайлоо фондунан партиялар канча каражат коротту? Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын эсебине которулган каражат жана анын канчасы чыгымдалгандыгы тууралуу маалыматты жарыялады. Бул 11-сентябрга карата көрсөткүч.
- "Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма 94 миллион 180 миң 238 сом. Коротулганы - 90 миллион 445 миң 319 сом;
- "Социал демократтар" партиясынын шайлоо фондуна 8 миллион 642 миң 760 сом которулган. Коротулганы - 8 миллион 535 миң 966 сом;
- "Бир Бол" партиясынын эсебинде 34 миллион 189 миң 156 сом деп көрсөтүлсө, коротулганы 33 миллион 865 миң 396 сом;
- "Республика" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 21 миллион 821 миң 655 сом, чыгымдалганы - 20 миллион 639 миң 151 сом;
- "Биримдик" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 97 миллион 399 миң 900 сом болсо, анын ичинен 86 миллион 753 миң 491 сому чыгымдалган
- "Чоң Казат" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине которулган сумма 6 миллион 172 миң 914 сом болсо, чыгымдалганы 6 миллион 38 миң 446 сом;
- "Мекенчил" партиясынын шайлоо боюнча эсебинде 11 миллион 375 миң 392 сом болсо, чыгымы 10 миллион 785 миң 669 сом;
- "Ата Мекен" партиясынын шайлоо фондунда 41 миллион 400 миң 620 сом. Ал эми партия короткон сумма 36 миллион 950 миң 610 сом;
- "Реформа" партиясынын шайлоо эсебине келип түшкөн каражат 7 миллион 72 миң 542 сом, чыгымы - 6 миллион 508 миң 830 сом;
- "Кыргызстан" партиясынын шайлоо эсебиндеги каражат - 71 миллион 579 миң 622 сом, коротулганы - 71 миллион 461 миң 368 сом;
- "Ордо" партиясынын атайын эсебине 6 миллион 243 миң сом которулган. Ал эми коротулган каражат - 6 миллион 121 миң 401 сом;
- "Мекен Ынтымагы" партиясынын шайлоо фондуна которулган акча - 6 миллион 676 миң 838 сом, чыгымы - 6 миллион 603 миң 620 сом;
- "Замандаш" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине 36 миллион 510 миң сом которулган. Партия короткон каражат 35 миллион 414 миң 723 сом;
- "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шайлоо фондуна которулган акча - 5 миллион 858 миң 400 сом, чыгымы - 5 миллион 745 миң 266 сом;
- "Ыйман Нуру" партиясынын шайлоо эсебине 6 миллион 500 миң 300 сом которулса, 6 миллион 395 миң 750 сому коротулган;
- “Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынын" шайлоо боюнча атайын эсебине 9 миллион 319 миң 500 сом которулса, анын ичинен 9 миллион 303 миң 665 сом чыгымдалган.