Нарындагы көмүр кенинде орун алган табигый кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

14-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кара-Кече көмүр казуу кенинде тоо көчкөн. Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери тарабынан таш түшүп, жабылып калган Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунда тазалоо иштерин жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча Транспорт жана жолдор министрлиги жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат. Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган.
Нарын облусунун Жумгал районунун жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен аталган участкадан өтүүдө кооптуу абалга байланыштуу каттам убактылуу жабылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы көлөмү болжол менен 900 миң метр куб таш аралаш жер кыртышы активдешкен. Жер кыртышы унаа жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөн. Табигый кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюлуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп кабарлашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан