Өлкөдө коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыкчам штабдын курамына Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген. Ыкчам штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, алар менен ыкчам маалымат алмашып турушат.
"Бүгүнкү күнү өлкөдө Кытай аймагында чыккан коронавирус учурлары катталган жок. Ал дем алуу органдарын, ашказан, ичеги-карын жана нерв системин жабыркатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын декабрынан тарта жаңы вируска чалдыгуунун биринчи учурлары катталгандан бери адистер тарабынан тийиштүү алдын алуу жана даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө. Коронавирусту өлкөгө алып келүүгө жол бербөө жана Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасынын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда оорунун белгилерин өз убагында аныктоо максатында вирустун болушун текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. Санитардык-карантиндик пункттун адистери дене табын өлчөгүч менен Кытай Кыргыз Республикасына жана үчүнчү өлкөлөргө келгендерди текшерүүдө. Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасында республиканын аймагынан коронавируска чалдыккандар аныкталган шартка үч палата даярдалган. Дарыгерлер үчүн зарыл болгон коргоочу каражаттар сатылып алынды. Бул чаралар аталган вирустан жабыркагандарды башка бейтаптарга аралаштырбоо максатында көрүлүүдө. Ошону менен бирге адистер коронавирусту буюмдар, мисалы почта менен жиберилген нерселер аркылуу жуктуруп алуу мүмкүндүгүн ырасташпайт", - деп жазылат маалыматта.
Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.