Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев Ат-Башы районундагы блокпосттордун жана район ичиндеги фильтрациялык посттордун абалы менен жеринде таанышты.
Аталган посттордо тиешелүү кызматкерлер күнү-түнү автоунаалардын кыймылын жөнгө салып, жөө жүргүнчүлөрдүн саламаттыгы жана жугуштуу оорунун очогу болуп жаткан Ат-Башы районунун элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тынымсыз иш алып барышууда. Ар бир коюлган посттордон айылдан районго ооруган бейптаптар, кош бойлуу айымдар эч тоскоолдуксуз өтүшүүдө.
Ошондой эле карапайым калктын муктаждыгы үчүн гуманитардык жардамдар, күйүүчү май, азык-түлүк, дары-дармектер жана жазгы талаа иштерине керектелүүчү буюмдар да өз убагында айылдарга жетүүдө. Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты ар бир посттогу абалды текшерүү учурунда кызматкерлердин атайын коргонуучу кийимдерин, санитардык тазалыгын, тамак-ашына чейин көңүл буруп, өздүк коопсуздукту сактоону да баса белгиледи.