Садыр Жапаров Райымбек Матраимовдун үй камагына чыккандыгы тууралуу комментарий берди (видео)

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровго "Райымбек Матраимов кармалып үй камагына чыгып кетти, буга карата коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат, сиз буга кандай комментарий бересиз?" деген суроо берилди.

"Райымбек Матраимов кечээ жакында кармалды. Ал УКМКга алынып келинип, ал жерден тергөө органдары менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, 80 миллион сом каражат төгүп калган дагы 2 миллиард сомду октябрь айынын аягына чейин төгүп бере турган милдеттенме алып, анан кийин үй камагына чыгарылды. Аны камап койсок деле болот, азыр эл талап кылып кама десе 5 секундда камап койсок болот. Бирок камап койгон менен маселе чечилбейт. Мисалы, ал мурда коррупцияга аралашкан иштери боюнча, анын мүлкү боюнча, акча каражаттары боюнча иш анда жылдап созулат. Сот процесси болушу керек, анын баарын конфискация кылуу керек мунун баары соттун чечими менен болот. Эсептеринин баары жабылат. Ошондуктан биз ушундай чечимге бардык. Үй камагында отурат азыр, кайтарууда болот. Чет өлкөгө дагы чыга албайт. Мен бул чечимди туура деп ойлойм. Анткени өзүңөр билгендей буга чейин канча деген жемкорлор кармалган, камалып бирөө дагы акча төккөн эмес. Мисалы, ошол эле Алмазбек Атамбаев, Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, каймана аты бар шоопур баары камалды дагы бир тыйын акча төккөн жок. 2-3 жылдап аларды биз мамлекеттин эсебинен багып жаттык, күнүнө 3 маал тамак беребиз, эмеректерин беребиз ушинтип бүгүнкү күнгө чейин багып жатабыз. Райымды деле камап койсок биз 3-5 жылдап жата беребиз. Андан көрө мен ошол башкача метод менен ушундай кадамга бардым. Бул элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, жеке кызыкчылык жок бул жерде. Сүйлөшүп алыптыр дегендей ушак сөздөрдү тараткан бул жанагы бизди эптеп каралап жаткандар" , - деп Садыр Жапаров жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип жатып билдирди.

Садыр Жапаров Матраимовдун үй камагына чыккандыгы тууралуу комментарий берди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан