Кой-Таш окуясы боюнча иш. Айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу сот жылдырылды

Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Айыпталуучу Фархат Баабиевдин жактоочусу келбегендигине байланыштуу бүгүнкү соттук отурум 21-сентябрь күнү саат 10:00гө жылдырылды деп жазылат маалыматта.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаевдер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан