Бүгүн, 19-сентябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадиокорпорациянын "Биринчи радиосуна" кезектеги маегин берди. Маек учурунда президент алдыда боло турган шайлоо тууралуу өз оюн айтты.
"Мен мурда да айткам, азыр да баса белгилеп кетким келет. Шайлоону таза, адилеттүү өткөрүү үчүн президент — мен тарабынан талап кылынчу мыйзамдын алкагындагы милдеттеримдин баарын аткардым, аткарам. Бирок бул процесс бир гана президенттен же өкмөттөн, БШКдан гана көз каранды эмес. Добуш сатпоо маселеси биринчи кезекте партиялар, партиянын ичиндеги талапкер, андан кийин шайлоочулардан түздөн-түз көз каранды.
Паспортун алып кетип, азыр мынчадан беребиз, калганын кийин беребиз деп жатышат деген сөз болуп жатат. Органдар иштеп жатышат. Бирок кайрылып, менин паспортумду алды, муну мындай кылды деп кайрылган адам өзү жок болууда. Ар бир шайлоочунун кандай кылат өз иши. Бирок паспортун эч кимге бербеш керек. Ал өзүнүн жеке документи. Добуш берүү купуя сакталат. Эч ким мажбурлай албайт, «буга сал, буга салба» деп. Кимге добуш берсең, аны билип алат деген да сөз бар. Аны билбейт, андай технология жок азыр.
Шайлоочу кабинкада өзү жалгыз калат, бюллетенди каалаганына салат. Кимге добуш бересиң өз эркиң. Добуш берүү 4-октябрда гана болот", - деди президент Сооронбай Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого 16 партия ат салышууда.