Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков 50 жашка толду. Аны тарапташтары куттуктоодо

Кой-Таш окуясына айыпталып кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган саясатчы, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков кечээ, 19-сентябрда 50 жашка толду. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасында жазган.
Анда жактоочу: "Кыргыз өлкөсүндөгү демократиянын чыныгы тарапташы Равшан Жээнбеков 50 жашка толду", - деген билдирүү калтырган.
Мындан тышкары саясатчыны жакындары, тарапташтары жана социалдык тармактын колдонуучулары дагы куттукташкан.
Равшан Жээнбеков 2020-жылдын 28-январында Кой-Таш окуясы боюнча кармалган. Ал учурда 7 берене менен айыпталууда. Анын арасында "барымтага алуу", "массалык баш аламандыкты уюштуруу", "бийликти мыйзамсыз басып алууга аракет жасоо" беренелери бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан