Конок тарабынан айтылган сын көпчүлүк шаардыктарга жакпай калды. Анткен менен блогердин айткандарында чындык менен айкындуулук бар.
Театрдын маңдайы оңдуу көрүнгөнү менен, имараттын капталы менен арт жагы мышык ыйлагыдай абалда.
"Асты жагы жалтырак, ичи менен капталдары калтырак". Мындай сүрөттөө дал ушул жаштар театрына жарашат. Анткени театрдын фасады оңдолуп-түздөлүп, жаңыртылганы менен, имараттын капталдарындагы дубалдын эскилиги жетип, урап түшүп жаткан абалга жеткен.
Театрдын ичине киргендер ал жакта Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Эмгек сиңирген артисттер же келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш таланттар иштээрине көзү жетпесе керек. Театрдын полдору Союз мезгилинен калган кызыл тактайлар болсо, шыбы азыр эле түшүп кетчүдөй адамдын үшүн алат. Бир сөз менен айтканда жаштар театрынын ичи дагы авариялык абалда...
Жаштар театрынын түптөлгөнүнө 31 жыл толуптур. Бирок театрдын имараты мындан 69 жыл мурун курулуп, ал Пионерлер үйү катары иштеп келгени маалым. Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан тарта театр 2-3 жолу гана оңдоп-түзөөдөн өткөнүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова айтып берген.
Төмөндө дүйнөнүн башка шаарларындагы жаштар театры болгон имараттардын сүрөттөрү көрсөтүлгөн.
Жаштар театры. Питер жаштар театры. Алтай
Башкортостан, Казакстандын Астана шаары.
Англиянын Лондон, Өзбекстандын Ташкент шаарлары.