Бүгүн, 3-декабрда эстрада ырчысы, жар-жарчы Неля 38 жашка толду. Чыгармачылык менен үй-бүлөнү бирдей алып жүргөн айымдардын катарын толуктаган ырчы куттук айткандарга ыраазычылыгын билдирүүдө.
Туулган күнүн белгилеп жаткан Неля айымдын бала кезинен тартып бүгүнкү күнгө чейинки сүрөттөрүн топтодук. Сүрөттөрдүн басымдуу бөлүгү анын шоу-бизнестеги алгачкы жылдарынан болду.
Неля коомчулукка "Балалыгым", "Жалган", "Атаке", "Осень" жана башка ырлары менен таанылган.
"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2006, 2008-жылдардын супер ырчы айымы” наамдарынын ээси болгон.
Неля 2009-жылы сүйүктүүсү Урмат Усеновго турмушка чыккан. Түгөйлөр учурда бир уул, бир кызды тарбиялап келишет.
3-декабрга карата жылнаама.