Бүгүн, 24-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 31 миллион 778 миң 331 болду. Анын ичинен 21 миллион 886 миң 83 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 974 миң 436 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 943 миң 78 адамдан коронавирус аныкталды. 201 миң 930 адам каза болсо, 2 миллион 670 миң 256 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 5 миллион 646 миң 10 адамдан аныкталды. 90 миң 20 адам каза болсо, 4 миллион 587 миң 613 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 591 миң 364 адам вируска кабылган. 138 миң 105 бейтап көз жумса, 4 миллион 46 миң 827 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.