"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар 8 миллионго жакындап калды

15-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 7 миллион 961 миң 254 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Ага ылайык, анын ичинен 434 миң 469 бейтап бул оорунун курмандыгы болду. Дүйнөдө 4  миллион 94 миң 970 адам оорудан айыгып чыкты.

Инфекция эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда 2 миллион 160 миң 592 адам ооруну жуктуруп алган. Андан кийинки катарга Бразилия - 852 миң 785, Орусия - 528 миң 964, Индия - 333 миң 8, Улуу Британия - 295 миң 889 бейтап менен кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан