ИИМдин өкүлү Араванда үгүт учурундагы мушташ саясий мүнөздө болбогонун айтты

Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Араван районунда үгүт иш учурунда чыккан мушташ боюнча маселе каралып жатат.

Анда БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыров бул окуя саясий мүнөздө эмеспи деп сурады.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Нурдин Эшимкан уулу бул окуя саясий мүнөздө эмес экенин айтты. "Ээнбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун эскертти.

Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан