"Мекеним Кыргызстан" партиясынын өкүлү Аравандагы окуя боюнча: "Мушташты эки партиянын тарапташтары эмес, чагымчылдар уюштурган"

Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп жатат.

Анда "Мекеним Кыргызстан" партиясынын БШКдагы өкүлү Таалайгүл Токтакунова сөз сүйлөдү.

"Мушташтан жабыркагандар - шайлоочулар. Мушташты уюштургандар кайсы бир партиянын тарапташы экенин эч ким билбейт. Мушташты уюштургандар эки партиянын тең тарапташтары эмес. Чагымчылдар", - дейт Токтакунова.

Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан