Орусияда июнь айынан бери сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын эң жогорку көрсөткүчү катталды

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 8 миң 135 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 61 адам каза болсо, 2 миң 702 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 2217 (айыккандар 942);

Москва облусунда - 212 (айыккандар 152);

Санкт-Петербург - 237 (айыккандар 119)

Ростов облусунда - 193 (айыккандар 41) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 159 миң 573 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 20 миң 385 адам каза болсо, 945 миң 920 бейтап айыгып чыкты.

Орусияда июнь айынан бери сукта ичинде коронавирус аныкталгандардын эң жогорку көрсөткүчү катталды. Мындан тышкары сутка ичинде 308 миңден ашык адамдан коронавируска карата тест алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema11
2020-09-28 19:02:37
Дагы башташайын деп калышты окшойт саясаттын согушун. Россия менен Кыргызстандын вирусу Акылдуу вирус экен. Шайлоолору откучо жукпай турган.Аз калды шайлоо буткондо кучойт эми...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан